02

Март

2013

Бүгүн, 1-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри К.Талиева КРнын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты. Министрликтин аймактык бөлүмдөрү калкты иш менен камсыз кылуу, жаштарды окутуу маселелерин чечүү багытындагы 2012-жылдагы жасалган иштердин жалпы жыйынтыгын чыгарышты. Жалпы республикабыз боюнча жаштардын саны 1 миллион 684,5 миң адамды же калктын 31 пайызын жаштар түзөөрү анкыталган. Бирок аларды иш менен камсыз кылуунун көрсоткүчтөрү 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы эки эсеге төмөндөп кеткен. Жаштар министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бутуна туруп, өз алдынча иш жүргүзүп кетиши үчүн  1,7 миллион сомдук насыяларды 7 пайыздык үстөгү менен берген. Азыркы күндө алардын кайтарымы эң  төмөнкү деңгээлде экендигин вице-премьер-министр К. Талиева коллегияда ачыктады. “Мамлекет жаштарды иш менен камсыз кылуунун насыялык формасын киргизип көрдү, мындан жанданып өз ишин улап кеткендер аз болуп жатат. Аны төлөө аймактарда кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыгын Өкмөт байкоодо. Биз калкты кайра окутуунун жана иш менен камсыз кылуунун жолдорун табышыбыз зарыл. Улуттук өнүгүүнүн стартегиясы иштелип чыкты. Ушул стратегиянын алкагында жаштарды иш менен камсыз кылуунун ар кыл багыттарын иштөө биздин негизги приоритеттерибизден болушу керек”, - деп белгиледи К.Талиева.

Азыркы күндө кесиптик билим берүүнүн багыттарын колго алуу зарылчыгы тургандыгы коллегияда көтөрүлдү. Ошону менен бирге министрликтин сатусу өзгөрүүсү менен, миграция тармагы жаштар министрлигине жүктөлгөндүгү коллегияда баса белгиленди. Жаштар министрлигинин 2012-жылдагы жасаган иштери канааттандыраарлык деп табылды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү