02

Октябрь

2018

Канатбек Абдыкеримов «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.   Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү