30

Май

2018

Канатбек Муратбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору кызматынан бошотулду

Канатбек Муратбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору катары мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү