16
Январь
2019
Кайрат Иманалиев КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды
Иманалиев Кайрат Олжобаевич Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жаңы орун басар маданият тармагын тейлейт.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү