22
Апрель
Казакстан Премьер-министри Карим Масимов Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
“Сиздин билимиңиз, иш тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз Кыргыз Республикасынын мындан аркы гүлдөп-өнүгүүсүнө салым кошуп, биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун чыңдалышына көмөк көрсөтөт деп ишенем”, - деп айтылат Казакстан Өкмөтүнүн башчысынын куттуктоосунда.
Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубаттыкты жана жооптуу мамлекеттик кызматтагы ийгиликтерди каалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү