09
Май
Казакстандын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында төмөнкүлөр айтылат:
«Биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын тайманбаган эрдиги жана баатырдыгы тынчтыкта жана ынтымакта жашоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн терең урматтоо менен алардын алдында башыбызды ийебиз.
Биздин көп кылымдык достук байланыштарыбыз мындан ары дагы ар тараптуу казак-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бекем пайдубалы болуп бере алат деп ишенем».
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана
ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү