09
Август
2018
Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30%га көтөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.
Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуу деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү