27

Октябрь

2018

Кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри А.Касымалиевге сөгүш жарыяланды

Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча маселени кароонун жүрүшүндө кабыл алды. 

Жыйындын жүрүшүндө талкууга коюлган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, аталган багытта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун долбоорун бекитүү чечими кабыл алынды.

Аны менен бирге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы  жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын»  аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге  сөгүш орун басары  Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар боюнча кызмат адамдарына тартиптик жоопкерчилик чараларын кабыл алууну тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын»  толук кандуу аткарууну камсыздоону милдеттендирди. Талкуу соңунда Өкмөт башчы республикалык бюджетин бөлүштүрүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын дыкат аткарууну камсыз кылуу тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 125097,125090,125125" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

                               Кыргыз Республикасынын

                                                              Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                    маалыматтык камсыздоо бөлүмү