12

Июль

2015

Өкмөт башчы: «Талас облусу бир эле “Жерүй” менен дотациядан чыгып кетет»

Өкмөт башчы 10-июлда Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында “Жерүй” алтын кенине барып, ишканын абалы менен таанышып, андагы Бекмолдо айылынын тургундары менен жолугуп, кенди иштетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Жерүй кени союз маалында эле ар тараптуу толук иликтенип чыккан. СССР бир жыл урабай турганда кен ийгиликтүү ишке кирмек. Андан кийин кенди иштеткенге инвестор жок болуп, мамлекет жаңы эле бутуна туруп келатканда, шылуундар келе баштаган. Алардан ошол кездеги бийлик төбөлдөрү пара сурап, иш оңунан чыкпай келген. Убагында кенди иштетүүгө болгону 300 сомго уруксат кагазы берилген. Аны Борис Березовский алган. Кийин кен болгону 120 млн долларга сатылган. Ал кезде алтындын баасы кымбат болчу. 2010-жылдан кийин бардык документтерди көтөрүп, ошондогу лицензияны жокко чыгарып, 2012-жылы кен мамлекеттики деп мыйзам кабыл алдык. Мындан кийин уруксат кагаздары эки гана жол менен берилет. Биринчиси – тендер, ири компанияларга тендер ачык, таза өткөрүлөт. Кайсыл компания ошол сынактан жеңип чыкса ага мамлекет кенди иштетүүсү үчүн татыктуу шарт тузүп берет. Анткени алар мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык аймактар болуп саналат”, - деп билдирди ал.

Темир Сариев белгилегендей, уруксаат кагазына ээ болуунун экинчи ыкмасы – аукцион өткөрүү. “Ким көп акча төлөсө ошол аукцион жеңүүчүсү аталат. Анткени мамлекетте лицензия сатканга тыюу салынган. Ал эми экология жагын карай турган болсок, талаптар катуу коюлган. Кечээ эле Жерүйдөн мамлекеттик бюджетке 170 млн сом түштү. Ал эми жергиликтүү бюджеттин акчаны, аны колдонуунун мыйзамдуу эрежелери бар. Айрымдары бөлүп алалы деп сунуш киргизип жатышат, андай болбойт. Жылына салыктан облуска 586 млн сом түшөт экен. Бул жерде бир эле ишканадан 510 млн сом түшөт. Эки жыл катарынан бюджетке 100 млн кийинки жылдардан баштап 150 млн сомдон каражат тушүп турат. Бул акча тойлорго же айлык акыга кетпейт, элдин келечегине, эртеңки турмушун жакшыртууга сарпталат. Мектеп, спорт зал, бала бакча, тигүү цехтери, чакан ишканаларды салабыз десеңер берилет. Иштеп баштаган соң 18 айдын ичинде фабрика салынат. Андан жылына 1 миллиард сом салык түшүп турат. Талас эли бир эле ишкананын эсебинен дотациядан чыгып кетет. Картошка, төө буурчак айдап эле отура берген болбойт. Алар күнүмдүк муктаждыкты жабышы мүмкүн. Бирок келечекке кам көрө албай жатабыз. Арканды алыс таштап, келечек муунга түзүлгөн шартка алыстан көз жүгүртөлү”, - деп кайрылды жергиликтүү калкка Темир Сариев.

Премьер-министрдин айтымында, фабрика ишке кирсе, жумушчулардын 90% жергиликтүү калктан алынат. “Эми мамлекеттик деңгээлде клеишим түзүлүп, инвестор акчасын салып иштетейин деп жатса анын коопсуздугу үчүн эгемен өлкө катары кепилдик беришибиз керек. Антпесе биз мамлекет болбой калабыз. Эл аралык сотко берет, ишеничтен таябыз”, – деп жыйынтыктады сөзүн Өкмөт башчы.

КР Өкмөтүнүн Апаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү