17
Март
Өкмөт мүчөлөрү Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев жана министрлик менен ведомстволордун жетекчилери бүгүн, 17-мартта, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жайгашкан элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы, 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган эстеликке гүл чамбар коюшуп, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылындагы болгон кандуу окуянын курмандыктарын эскеришти.
Курман болгондорду эскерүү иш чарасы 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.
[su_carousel source="media: 91568,91569,91570" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү