04

Январь

2018

275 жалпы билим берүү мекемелеринде ысык тамактандыруу жана өз алдынча нан азыктарын бышырууну камсыз кылуу үчүн ашпозчулардын штаттык бирдиктери киргизилет

Кыргыз Республикасынын тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим 2002-жылдын 27-июнундагы №111 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу жана 1-4-класстагы (башталгыч) окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган документке ылайык, ысык тамактандыруу жана өз алдынча нан азыктарын башыруу кийирилип жаткан мектептерде 1-4-класстагы окуучулардын санына жараша ашпозчулардын санын көбөйтүү каралып жатат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тизмеге киргизилген жалпы билим берүү мекемелериндеги 1-4 (башталгыч)-класстардын окуучулары үчүн ысык тамак жана нан азыктарын бышырууну уюштуруу боюнча чараларды кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген ашпозчуларга карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуусу жана тийиштүү тартипте бекитүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү