06

Февраль

2019

Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарынын ОСАГО жөнүндө Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн которуу жөнүндө демилгесин колдоого алат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын «Автотранспот каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына анын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыру жаатындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө демилгесин колдоого алат.

Мындай чечим жыл башынан тарта айыппулдардын, анын ичинде жол кыймылы эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдун жогорулатылышын караган бир катар Кодекс жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу кабыл алынган. Аталган Кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздоону көздөөдө.

Мындан тышкары, ОСАГО жол кыймылы катышуучуларына, биринчи кезекте унаа ээлерине кошумча финансылык жүктөмдү карагандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурда анын күчүнө кирүү мөөнөтүн которуу тууралуу чечим негиздүү жана туура кадам деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө унаа камсыздандырууну киргизүү үчүн тийиштүү бардык ченемдик-укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалгандыгына карабастан, сунушталган эки жыл аралыгында жарандардын кызыкчылыгы үчүн унааны камсыздандырууга жеңил жана натыйжалуу өтүүнү камсыздаган тереңдетилген чаралардын жыйындысын иштеп чыгуу зарыл.

ОСАГОнун киргизилишинин максат, милдеттерин жеткиликтүү түшүндүрүү, процесстин бардык катышуучуларын милдеттүү камсыздандыруунун зарыл экендигине даярдоо, мыйзамды ишке ашыруунун бардык механизмдерин сапаттуу иштеп чыгуу зарыл.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Автотранспот каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы 2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынган жана 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирүүсү тийиш болгон. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан 2016-жылдын январь айында Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн үч жылга, 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленген.

2018-жылы Мыйзамды толук кандуу ишке ашыруу үчүн мыйзам алдындагы ченемдик-укуктук актылардын, анын ичинде камсыздоо тарифтерин, камсыздоо эрежелерин, автоматташтырылган маалыматтык борбор жана мамлекеттик органдардын өз-ара аракеттешүүсү тууралуу жобону бекитүүнү караган бардык тийиштүү долбоорлору иштелип чыккан.

Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган соң, ага кайрылуу чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү