26

Сентябрь

2015

Өкмөт Жогорку Нарын ГЭСТер каскадын курууга 565 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алды

Мындай токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында кабыл алынды. Премьер-министр Темир Сариев бул токтомду кабыл алуу өтө зарыл экенин белгилеп, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну мамлекет үчүн маанилүү долбоорлорунун бири деп атады.

Премьер-министрдин айтымында, ГЭСтер каскадын курууга  буга чейин үчүнчү этап менен 1338 гектар жер бөлүп берилген. Эми төртүнчү этап менен 565 гектар болуп берилген соң Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курулуш иштерин үзгүлтүксүз улантууга жол ачылмакчы.

“Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу мамлекетибиз үчүн керек. Август айында Нарын облусуна иш сапарымдын жүрүшүндө “Русгидро” ишканасынын жана жергиликтүү эл менен бул маселе талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилген. Мына ушул тапшырманын негизинде ГЭСтер каскадын куруу боюнча жер тилкелер бөлүндү. Эми Россиялык  «Русгидро» компаниясы 12 миллиард рублди которуп, иш активдүү уланышы  керек ”-деди Темир Сариев.

Жыйын жүрүшүндө Жогорку Нарын ГЭстер каскадын курууга жер бөлүү боюнча Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева баяндама жасады. Министрдин маалыматы боюнча, 2012-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Нарын районунун аймагында жайгашкан 565, 98 гектар жерди которуу каралган. Аталган жер участоктору “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулат.

Ошондой эле “Электр станциялар” ачык акционердик коому аталган жер участоктору пайдалануу укугуну “Жогорку Нарын гидростанциялар” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кошулган салымдын бөлүгү катары киргизмекчи.

Жылдыз Мамбеталиеванын  маалыматына караганда, 2015-жылдын сентябрь айындагы жер тилкелеринин менчик ээлери менен Орток, Дөбөлүү жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн тиешелүү башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  ортосунда түзүлгөн жеке менчикте турган жерлерди которууга жерлердин менчик ээлеринин макулдуктары бар.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамдын негизинде, сугат айдоо жерлерин чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жогорку чыңалуудагы 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки электр чубалгыларын, 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки көмөк чордондорду,  курууда  жерлерин башка категорияларга же түрлөргө которууга мораторий жайылтылбай турганды көрсөтүлгөн.

Жыйын жүрүшүндө аталган токтом кабыл алынып, тиешелүү органдарга аны аткаруу тапшырмасы берилди.

[su_carousel source="media: 64066,64067,64068" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү