21
Декабрь
Өкмөттө 2017-жылдын 11 айы боюнча ЖАМК ишинин жыйынтыктары каралды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 20-декабрда, Кыргыз Республкасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) 2017-жылдын 11 айы үчүн ишинин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жумушчу кемешме өткөрдү.
Өкмөт башчы кылмыш-жаза аткаруу тутуму мамлекеттүлүктү бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү болуп, кылмыш жазаны аткаруу тармагындагы укук колдонулуучу функциялардын ишке ашырылышы, мекемелердеги укуктук тартиптин жана мыйзамдуулуктун камсыз кылынышы өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жоопкерчиликтүү маселелерге кирет деп белгиледи. ЖАМК төрагасы Таалайбек Жапаров Кызматтын мекемелеринде бүгүнкү күндө 10 миңден ашык адам кармалаарын маалымдады. Ошондой эле анын айтымында, республикалык бюджет эсебинен өмүр бою эркинен ажырагандар үчүн № 19-Атайы комплекс мекеменин экинчи корпусу курулуп жатат. Андан тышкары кылмыш-жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле Таалайбек Жапаров учурда ЖАМК мекемелеринде «Келечек» мамлекеттик ишканасынын 9 филиалы иштеп жатат деп билдирди. Андан тышкары, 3 түзөтүү мекемесинде жана 10 жатак абакта өндүрүш участкалары иштеп жатат. Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков ЖАМК жетекчилигине эркинен ажыртылган аймактарда коопсуздукту күчөтүү, ошондой эле Кызматтын кадрдык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө чараларын көрүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы ведомство тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштерди активдештирүүнү жана ЖАМК мекемелериндеги өндүрүштүн ички дүң продукциясынан түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча катуу көзөмөлдү камсыз кылуу тапшырмасын койду.
[su_carousel source="media: 109248,109249" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү