29
Май
Өкмөттө балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү сунушталды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ювеналдык юстиция боюнча ведомство аралык коородинациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2014-2018-жылдарга балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жана 2014-2017-жылдар аралыгындагы аталган программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышы, ошондой эле мыйзам бузган балдардын укугун коргоо боюнча маалыматтар угулду.
Тактап айтканда, балдар үчүн юстиция принциптерин киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу алкагында өлкөнүн жаңы Жазык-процесстик кодексине «Жашы жете электи жазык сот акыйкаттыгы тутумунан чыгаруу» боюнча 458-беренеси киргизилгендиги белгиленди.
Беренеге ылайык, эгерде жашы жете элек алгач ирет оор эмес кылмыш кылган болсо, тергөөчү жашы жете электи жазык сот адилеттиги тутумунан чыгаруу максатында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган мыйзамда каралган тартипте, ага карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу тууралуу мотивацияланган чечим кабыл ала алат.
Белгиленгендей, ювеналдык юстиция принциптеринин киргизилиши менен эркинен ажыратылган жайларда жаза өтөгөн жашы жете электердин санынын кыскаруусу байкалган: 2014-жылы – 24, 2015-жылы – 11, 2016-жылы – 15, ал эми 2017-жылы – 20 жашы жете элек болгон.
Вице-премьер-министр балдардын жана өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жаатындагы ишти күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Балдарды, анын ичинде мыйзам менен келишпестик мамиледеги жашы жете электерди коргоону ишке ашырууга багытталган мамлекеттик органдардын ишин күчтөндүрүү зарыл. Жашы жете электерди сапаттуу жактоочулук коргоону жана адистердин психологиялык колдоосун камсыздоо өзгөчө маанилүү», - деп ырастаган Алтынай Өмүрбекова, өспүрүмдөрдүн ушул категориясы менен иштеген психологдордун курч жетишсиздигин белгиледи.
Ошондой эле баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев чыгып, жалпысынан мыйзам көп жагынан, анын ичинде камакка алуу, соттук процесс учурундагы укуктарды камсыздоо жана жашы жете электерге карата жаза белгилөө маселелеринде эл аралык стандарттарга дал келерин белгиледи. Ошол эле учурда бул ченемдерди сактоо тажрыйбасы алигиче жөндөлө элек.
Жыйында бул Мампрограмманы аткаруунун жүрүшүндөгү, анын ичинде Ички иштер министрлиги, Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан кетирилген кемчилдиктер белгиленди.
Буга байланыштуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тиешелүү мамлекеттик органдарга ювеналдык юстиция тутумунун органдары менен биргеликте жашы жете электердин укук бузууларын жекече алдын алуу иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды. Ошондой эле «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамын аткаруунун алкагында балдарды орой мамиледен жана зомбулуктан коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
[su_carousel source="media: 117548,117549,117551,117552,117553,117554,117555" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү