16

Июль

2018

Өкмөттө бажы тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар талкууланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бажы тутумун өркүндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн бажы органдарынын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси актуалдуу болуп саналат.

Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө бажы түшүүлөрүнүн маанилүү салымы менен катар атамекендик бажы тутумунда көптөгөн көйгөйлөр бар.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгү алкагында өткөрүү пункттарынын ишин ЕАЭБ талаптарына толук дал келтирүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков маалымдагандай, Өкмөт башчынын мындан мурда берилген тапшырмасына ылайык, 2018-2025-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыккан.

Аталган Стратегиянын долбоору тарабынан өлкөнүн бардык көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарында бажы процессин автоматташтыруу, бизнеске көмөктөшүүгө, бажы кызматынын түзүмүн оптимизациялоого жана кадрдык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле заманбап бажы инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бажы башкаруусунун натыйжалуу тутумун өнүктүрүү каралууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын айтымында, мунун өзү көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарында жана бажы тариздөө жайларында бажы опреацияларын жүргүзүү убактысын кыскартууга, бажы процедураларынын ачыктыгын камсыздоого жана бажы эрежелеринин бузулушунун алдын алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, бажы процесстерин жүргүзүүдө санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча долбоорлорду, учурдагы жана долбоорлонуп жаткан эл аралык транспорттук коридорлор боюнча товарларды тоскоолдуксуз транзиттөө бажы режимин өнүктүрүү жана «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик бажы ишканасынын базасында толук кандуу 3 PL (4 PL, 5 PL) логистикалык операторду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу болжолдонууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев МБК жетекчилигине айтылган сунуштарды эске алуу менен Стратегия долбоорун ыкчам тартипте иштеп чыгууну, ошондой эле конкреттүү мөөнөттөрүн жана каржылоо булактарын көрсөтүү менен тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну камсыздоону тапшырды.

Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрүнүн, анын катарында Кыргыз Республикасынын Ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын максат, милдеттерин талкуулоо бонча тегерек стөл өткөрүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 120091,120092,120093" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү