16
Декабрь
Өкмөттө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдын 11 айы боюнча кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдын 11 айынын кызматтык-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кенешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Өкмөт башчыга чек ара коопсуздугун камсыздоо, өткөрүү пунктарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү, товарларды мыйзамсыз кийрүүнүн алдын алуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.
Ал ошондой эле, Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чек-араларындагы өткөрүү пунктарын жабдуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.Андан тышкары, Уларбек Шаршеев «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторундагы «E-Gate» электрондук дарбаза тутумун орнотуу боюнча учурдагы маалыматты тартуулады.
Өкмөт башчы Сапар Исаков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу ишинин өзгөчө маанисин белгиледи. Премьер-министр акыркы жылдары өлкөдө Мамлекеттик чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана жеке курамдын аскердик даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөндүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле Өкмөт тарабынан мындан ары дагы чек араны көзөмөлдөө системасын жакшыртуу боюнча иштер улана берет деп белгиледи.Кеңештин жыйынтыгында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине ведомствонун ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча бир нече тапшырмалар берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
[su_carousel source="media: 108950,108951,108952,108953" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]