15
Февраль
Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2019-жылга карата кадамдык План каралды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын бекитүү жөнүндө маселе каралды.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.
«Пландын алкагында белгиленген артыкчылыктар өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул кадамдар экономиканы чыңдоо, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, экологиялык, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана улуттук өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган», - деди ал.
Анын айтымында, Планда белгиленген артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди чечүү үчүн жыл сайын тийиштүү чаралар жана аракеттер иштелип чыгат.
«Болжолдонгондой, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн инфляция деңгээли 2029-2023-жылдар аралыгында бир орундуу көрсөткүчтөн ашпайт, ал эми ИДП өсүүсү түрдүү жылдары 3,2%-4% деңгээлинде болот. Орто мөөнөттүү бюджет саясаты бюджеттин дефицитин 2023-жылга карата 3%дан ашырбоого багытталган. Муну менен бирге күтүлгөндөй, жакырчылыктын деңгээли кыскарат жана 2023-жылга карата 20%дан ашпайт», - деп билдирди экономика министри Олег Панкратов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планы Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен иштелип чыккан.
«Иш-чаралардын беш жылдык Планы 2019-2023-жылдарга карата 118 милдетти жана 202 индикаторду камтыйт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасынын алкагында 103 инвестициялык долбоор түзүлгөн», - деди Өкмөт башчы.
Талкуунун жыйынтыгында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2019-жылга кадамдык Планын, ал эми 2019-жылдын 31-декабрына чейин 2020-жылга карата Планды бекитүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 129440,129439,129441,129442" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү