12
Февраль
Өкмөттүн жыйынында 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланды
Бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде 2015-жылдын январь-декабрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары, Билим берүү уюмдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу маселелери жана 2015-жылы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалы тууралуу маселелер каралды.
Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев учурдагы актуалдуу маселелер боюнча пикирин билдирди.
Премьер-министр бүгүнтөн баштап, турак-жайды камсыздандыруу өнөктүгү башталганын маалымдап, Мамлекеттик камсыздоо компаниясында алгачкылардан болуп өз турак-жайын камсыздандырганын билдирди.
Өз турак-жайын камсыздандыруу аркылуу Өкмөт башчысы өлкө жарандарына үлгү көрсөтүп, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерди да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, башкаларга өрнөк болууга чакырды.
«Турак-жайды камсыздандыруу жарандардын кызыкчылыгындагы иш. Ал мамлекеттик компания аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт. Кайсы бир кырсык болгон учурда жарандарыбыз үчүн да, мамлекет үчүн жүктү жеңилдетет. Бул маселенин эсебинен саясий кызыкчылыкты көздөп, чайкоочулукка жол берүү туура эмес», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев 2015-жылдын январь-декабрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып жатып, айыл чарба тармагындагы өсүштү 106,2% деңгээлинде камсыз болгонун бул тармактагы жаңы ыкмаларды жайылтуу боюнча активдүү иштер башталып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн республикалык бюджеттен 5,3 млрд сом бөлүнгөн. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандардын колдонгон электр энергиясына компенсацияларды төлөөгө 102.3 миллион сом бөлүндү.
«Токтогул ГЭСинде жаралган авариялык абалга карабастан, Өкмөт кышка даярдыкты сапаттуу жүргүзүүнүн эсебинен калкыбызды жарык жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жетише алды», - деди Темир Сариев.
Премьер-министр 2015-жылы коопсуздук жаатында диний экстремисттик жана террористтик аракеттерди алдын-алуу боюнча иштер жүргүзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле былтыркы жылы Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы чек араны тактоо боюнча иштин алкагында 519 чакырым чек араны демаркациялоо боюнча келишимге кол коюлганын Премьер-министр Темир Сариев маалымдады.
Темир Сариев экономикалык абалды эске алуу менен 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оперативдүү жана интенсивдүү режимде иштегенин билдирди.
«Пландалган Өкмөттүн 18 отурумунун ордуна 39 отурум өткөрүлдү. Жыйындарда пландалган 60 маселенин ордуна, 127 маселе каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды. Мындай жол менен Өкмөттүн жыйындары 50 пайызга, ал эми кабыл алынган чечимдер эки эсеге көбөйдү. Өкмөттөгү документ жүгүртүүнүн мөөнөтү эки эсеге чейин кыскартылып, керектүү чечимдер ыкчам кабыл алынды», - деди Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү