25

Январь

2019

Өкмөттүн жыйынынын жүрүшүндө миграция жаатындагы учурдагы абал тууралуу маселе талкууланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө өлкөнүн миграция тармагындагы учурдагы абал тууралуу маселе талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов тиешелүү баяндама жасады.

Ал маалымдагандай, бүгүнкү күнү расмий статистикага ылайык, 700 миңден ашуун жарандарыбыз эмгек миграциясында жүрүшөт. Алардын ичинде баалоочу маалыматтар боюнча Россияда – 663 миңден ашык, Казакстанда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 14 миң, Түркияда  - 30 миң, башка алыскы чет (Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия) өлкөлөрдө – 20 миңден ашуун адам бар.

Ошону менен бирге Болотбек Ибраимжанов белгилегендей, эл аралык милдеттемелердин алкагында бардык категориядагы иммигранттардын укуктары камсыздалат, алар: чет элдик эмгек мигранттары, инвесторлор, кайрылмандардын, качкын жана башпаанек издегендер, ошондой эле окууга, дарыланууга, туризм жана жеке иштери менен келгендер.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кошумчалагандай, Кыргыз Республикасына келүү/кетүүнүн жыштыгы боюнча алдынкы орунда Казакстан, андан соң Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай, Германия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн жарандары турат.

Маселенин актуалдуулугун эске алуу менен Болотбек Ибраимжанов расмий статистика боюнча чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок жактарга иштөө үчүн 2016-жылы 12 165 уруксат, ал эми 2017-жылы – 14 768 жана 2018-жылы – 12 950 уруксат берилгенин маалымдады.

«Ошол эле учурда эмгек ишмердигин жүргүзүүгө уруксат берүүнүн эсебинен республикалык бюджетке түшүүлөрдү эске алуу зарыл, акыркы 5 жылда мындай түшүүлөр 265 миллион сомду түзгөн», - деди ведомство төрагасы.

Болотбек Ибраимжанов кошумчалагандай, акыркы беш жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын 24 384 чет элдик жаран алса, анын ичинен 19 885 адам – этникалык кыргыздар болгон.

Кыргызстандын жарандарынын чет элдиктер менен никеге турууларынын санына карата ал 2010-жылдан 2018-жылга чейин бул көрсөткүч 17 609 түзгөнүн билдирди.

«Россия жарандары менен – 6744 нике, Өзбекстан жарандары менен – 5024, Казакстан жарандары менен – 1682 жана Тажикстан жарандары менен – 1495 нике түзүлгөн. Түркиянын жарандары менен көрсөтүлгөн мезгилде 604, Корея – 472, Ооганстан – 35, Пакистан – 66 жана Кытая жарандары менен – 60 нике түзүлгөн», - деп белгиледи Болотбек Ибраимжанов.

[su_carousel source="media: 128569,128579,128573,128572,128571,128570" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no" [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү