12
Май
2018
Өкмөттө сот-укуктук реформасын ишке ашырууга багытталган кадамдар талкууланды
Бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, сот-укуктук реформасынан келип чыккан ченемдерди ишке ашырууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Белгилесек, 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасынын алкагында Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстеринин, Бузуулар жөнүндө кодекстин, Жоруктар жөнүндө кодекстин, «Пробация жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциялары күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги буйругу менен сот-укуктук реформасынан келип чыккан ченемдерди ишке ашырууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.
Өкмөт тарабынан жаңыланган План ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууну шарттаган 46 иш-чараны жана 31 тажрыйбалык иш-чараны камтыйт.
Кеңешменин жүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрин, бузуулардын Бирдиктүү реестрин киргизүүгө, пробация институтунун калыптанышына жана жаңы кылмыш мыйзамынан келип чыккан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Муну менен бирге сот-укуктук реформада каралган иш-чараларды каржылоо маселелери талкууланды.
Кеңешмени жыйынтыктоо менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Планда каралган бардык иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруусу үчүн жеке жоопкерчилик алышаарын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана
ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү