12
Июль
Өкмөттө сот-укуктук реформасын ишке ашырууга багытталган кадамдар талкууланды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүү боюнча чаралар алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин экинчи жыйыны өттү.
Аталган Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасы алкагында кабыл алынган кодекс жана мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Анын курамына Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Башкы прокурор, Коопсуздук кеңешинин катчысы, аткаруу бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдүк подразделение жетекчилери, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү киргизилген.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформалар алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүсүнө даярдык көрүүгө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан орнотулган прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына дал келтирүү маселеси каралды.
Ошондой эле жабыр тарткан жакка материалдык (моралдык) зыянды калыбына келтирүү тартибинин концепциясы талкууланды.
Болжолдонгондой, 2021-жылдан тарта жеке жакка карата кылмыштар (адам өлтүрүү, зордуктоо ж.б.) боюнча күнөөкөр жак эсебинен зыянды кайтаруу мүмкүн болбогон учурда жабыркагандар көрсөтүлгөн каражатты атайы фонддон ала алат.
Кийинчирээк төлөнгөн сумма акырындык менен түздөн-түз күнөөкөр жактардан төлөтүлөт.
Мындан тышкары, Координациялык кеңештин жыйынында тийиштүү долбоорлорду жана инфраструктураны ишке ашырууда тажрыйбасы бар мамлекеттик ишаналардын ичинен Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин пайдалануу жана техникалык камсыздоо боюнча техникалык операторду аныктоо маселеси каралды.
Ошондой эле Координациялык кеңеш соттук-укуктук реформасынын алкагында кабыл алынган кодекстердин жана мыйзамдардан келип чыккан реестрлерди киргизүү жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитүү чечимин кабыл алды.
Ошол эле учурда Прокуратуранын компетенциясына кирген реестр жөнүндө Жобо Өкмөт тарабынан анын сунушу боюнча бекитилет.
Мындан тышкары Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата соттук-укуктук реформасынан келип чыккан ченемдерди имплементациялоого багытталган иш-чаралардын Планын ишке ашыруунун жыйынтыктары каралды.
Жаңыланган Планда ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу каралган 46 иш-чара жана 31 тажрыйбалык иш-чара камтылган.
Өткөрүлгөн кеңешменин жүрүшүндө Планды аткаруунун учурдагы абалы тууралуу отчет угулуп, аны ишке ашырууга байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.
2018-жылдын экинчи кварталында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга түздөн-түз байланыштуу 39 иш-чараны ишке ашыруу пландаштырылган. Ошону менен бирге Планда каралган бардык эле иш-чаралар мөөнөтүндө аткарылган эмес.
Белгиленген жагдайды эске алуу менен жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир жумалык мөөнөттө жогоруда көрсөтүлгөн Планда каралган иш-чараларды өз убагында ишке ашырбоо фактылары боюнча кызматтык тергөө жүргүзүү, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилерине карата чара кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымдоо тапшырылды.
Мындан тышкары даярдоо мөөнөтү 2018-жылдын 2-кварталында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды 2018-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде кабыл алууну камсыздоо милдеттендирилди.
Ошону менен бирге бул мөөнөттү бузган шартта белгиленген маселени көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары жоопко тартылат.
Ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагындагы иш-чараларды тийиштүү ишке ашырбагандыктарына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин жана Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин жетекчилерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңештин төрагасы Жеңиш Разаков мамлекеттик органдардын жетекчилерине Планда каралган бардык иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга жеке жоопкерчиликтерин эскертти.
[su_carousel source="media: 119962,119963,119964,119965,119966,119967" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү