01
Февраль
Өкмөттө жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрдү.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үй-бүлө институтун бекемдөөнүн жана баланы үй-бүлөлүк камкордук укугу менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин учурдагы тутумун талдоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну демилгеледи.
2019-жылдын 28-январында Премьер-министрдин буйругу менен бул Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, ал өлкөдө жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер Планынын долбоорун иштеп чыгуу менен алектенет.
«Сиздер менен биздин максатыбыз кийинки кадамдарыбызды аныктоо, кайрадан тыкыр талдоо жүргүзүү, балдарды коргоо тутумунун өзүнө, анын ичинде баланын укуктарын ишке ашыруу, аны үй-бүлөлүк курчоо маселелерине топтомдуу баа берүү болуп саналат. Мындан тышкары жумушчу топ үй-бүлөсүнө кошулган балдар боюнча мониторинг жүргүзүүгө тийиш: алар бүгүнкү күндөгү абалы кандай, кандай шарттарда жашашат, үй-бүлөсү менен бириккенден кийинки жашоосу жакшыбы же жокпу. Биз жатак мекемелерди жаап гана тим болбостон, үй-бүлөсү менен бириккен балдарга үйүндө жашоо чындап жакшы болушун уюштурууга тийишпиз», - деп түшүндүрдү Алтынай Өмүрбекова.
Буга катар аталган жумушчу топ балдар мекемелериндеги тарбиялануучулардын абалын иликтөө жана социалдык тейлөө көрсөтүү тутумун талдоо менен алектенет.
«Биз балдарды социалдык жактан колдоого алуу жаатындагы абалды жакшыртуу жана балдарды үй-бүлөдөн ажыратпоо максатында тейлөөлөрдүн альтернативдүү түрүн өнүктүрүүгө басым жасообуз керек», - деди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жөнөтүүсү зарыл. Бул ишке көзкарандысыз эксперттер да тартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштарды талдап жана жыйынтыктаган соң, 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Интернаттык типтеги балдар мекемелеринин тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун Өкмөттүн кароосуна киргизиши керек.
«Балдар укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары Назгүл Турдубекова белгилегендей, бул багытта коомдук уюмдардын эксперттик мүмкүнчүлүгү, тажрыйбасы жана көз-карашы бар, алар республикадагы балдардын абалын жакшыртуу үчүн аны менен бөлүшүүгө даяр.
[su_carousel source="media: 128822,128823" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү