25
Апрель
2012
Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР Жогорку Кеңешинин коалициялык көпчүлүгүнүн отурумунда КР Өкмөтүнүн 2011-жыл боюнча отчет жана КР Өкмөтүнүн “100 күндүк” программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.
КР Өкмөтүнүн былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча докладынан кийин Премьер-министр депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Отурумдун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү Өкмөттүн былтыркы жыл боюнча отчетун жактыруу жана “100 күндүк” программасынын аткарылышы боюнча маалыматты эске алуу туурасында чечим кабыл алышты.
Премьер-министр парламенттик коалициялык көпчүлүктүн депутаттарынын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бийликтин бардык бутактары биргелешип иштегенде гана өлкөнүн өнүгүүсүндө натыйжалуу кадамдарды жасоого боло тургандыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү