05
Декабрь
2013
Бүгүн, 5-декабрда, Ош шаардык мэриясынын жамаатына жаңы мэрдин милдетин аткаруучу - Алимжан Байгазаков тааныштырылды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Байгазаков Алимжан Топчубаевич “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 43-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош шаардык мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү