28
Октябрь
Коомдук кеңеш мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылгандыгы тууралуу жарыялайт
Коомдук кеңеш мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия ( мындан ары - Комиссия) коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрө, бизнес-ассоциациялар, кесипкөй жана тармактык бирикмелер, министрлик жана административдик ведомство ишмердүүлүгү менен кайчылашкан эксперттик коомчулук өкүлдөрүн келерки мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамына шайлоо үчүн сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2014-жылдын 17-ноябрына дейре узартылгандыгы тууралуу (алгачкы мөөнөтү 2014-жылдын 19-сентябры көрсөтүлгөн) жарыялайт.
Кеңири маалымат төмөнкү даректе.
Сурап-билүү телефондору: (0312) 960174.