24

Ноябрь

2014

Коомдук байкоочу кеңеш мүчөлөрүн шайлоо боюнча сынак 2014-жылдын 8-декабрына дейре узартылды

КУЛАКТАНДЫРУУ

Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) коомчулуктун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнөн төмөнкүдөй белгиленген мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине шайлоо үчүн конкурска (2014-жылдын 19-сентябрында жарыяланган) катышуу үчүн документтердин кабыл алуу мөөнөтүн 2014-жылдын 8-декабрынын аягына чейин улантууну жарыялайт:

Министрликтер

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

Мамлекеттик агенттиктер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги

Мамлекеттик кызматтар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат

Фонддор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.

Мамлекеттик инспекциялар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө соттолгондугу жок, Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз иштиктүү кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин жана администрациялык ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көрө билүүсү, идеялары же сунуштары болушу;

6) коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.

Конкурска катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек (басылып чыккан форматында жөнөтүү сунушталат):

1) жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин жана/же юридикалык жактардын алардын негизинде бул талапкер коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен талапкерди тиешелүү коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө Комиссияга даректелген катты;

2) конкурска документтерди бергенге чейин 6 айдан эрте эмес жасалган фотосүрөтү менен өмүр баяндык маалыматтарын (таржымалын) көрсөтүү менен талапкердин билими, кесипкөй иш тажрыйбасы жана коомдук иши жөнүндө маалыматтарды, туулган күнүн жана туулган жерин (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облус) белгилөө менен, байланыш маалыматтарын (дареги, телефон номурлары, электрондук почта) белгилөө менен;

3) талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусунда өзүнүн көрө билүү сыпаттамасын;

4) экиден кем эмес сунуштама катты.

Конкурска катышуу үчүн документтери 2014-жылдын 8-декабрынын аягына чейин кабыл алынат:

1) почта дареги: 720003, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө” деген жазуусу менен),

же болбосо,

2) электрондук почта (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө жөнөтүү сунушталат): jumaliev@mail.gov.kg (“конкурска” деген жазуусу менен, жана конкреттүү мамлекеттик органды белгилөөсү менен).

Коомдук кеңештерге шайлоо үчүн Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер Комиссиянын чечими менен конкурска киргизилбейт.

Маалымат телефону: (0312) 960174.

Эскертүү: бул кулактандыруусу жарыяланганга чейин конкурска катышуу үчүн документтерин тапшырган талапкерлерге өзүлөрдүн документтерин кайрадан тапшырууга зарыл эмес