29

Май

2020

Корея коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасында COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Корея Республикасынын Өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. 

Мындан тышкары Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин күч-аракеттери менен 31 миңге жакын АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда, бул гуманитардык жардам Корея Республикасынан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди. 

Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.