23
Май
Кореянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ëн Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстинен келтиребиз:
«1992-жылы дипломатиялык мамилелерди түзгөн учурдан тартып Корея Республикасы жана Кыргыз Республикасы ар түрдүү тармактарда достук жана кызматташтык мамилелерин үзгүлтүксүз өнүктүрүп келет. Мен, Сиз премьер-министр кызматында турганыңызда биздин тажрыйбалык, өз ара пайдалуу кызматташууларыбыз мындан ары да бекемделет деп ишенем. Ошондой эле элдерибиздин арасында өз ара түшүнүүнү жана алмашууну жаңы деңгээлге жогорулатуу үчүн биргелешкен тыгыз кызматташууга ишеним артам.
Сизге чың ден соолук, ошондой эле Кыргыз Республикасына гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү