04

Апрель

2020

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38,5 млн сом жумшалат

Коронавирус инфекциясына байланыштуу аныктоо жана дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматчыларга өбөлгөлөөчү кошумча төлөм үчүн 38 млн 559 миң 307 сом жумшалат. 


Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19)

менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды. 


Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кесепеттери менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражаттарын, гуманитардык жана кайрымдуулук жардамын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. 


Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 млн 919 миң 729 сом түшкөн.