20

Март

2020

Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде өлкө 6 позицияга көтөрүлдү

Кыргыз Республикасы Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде позициясын жакшыртып, 6 баскычка көтөрүлдү.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги интеграцияланган позициялары жакшырган жана пайыз менен көрсөтүлгөндө 2018-жылы – 45,2 %, 2019-жылы – 46,1 % болгон. 

Коррупциянын кабылдоо индекси-2019да Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду алган, рейтингде өзүнүн позициясын 6 позицияга (2018-жылы 180 өлкөнүн ичинен 132-орун) жакшырткан. Бул рейтингде Кыргыз Республикасы Россия (137-орун), Тажикстан (153-орун) жана Өзбекстан (153-орун) өлкөлөрүнөн жогору турат, бирок Казакстандан (113-орун) жана Армениядан (77-орун) артта калган.

Белгилей кетсек, Коррупцияны кабылдоо индекси өлкөнүн ишкерлеринин жана эксперттеринин позициясынан алганда мамлекеттик сектордо коррупцияны кабылдоонун деңгээлин баалайт.