21

Декабрь

2017

КР Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүүү боюнча кеңештин кезектеги отуруму өттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгында бүгүн, 21-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кенештин кезектеги отуруму өттү. Отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мурдагы отурумундагы чечимдеринин аткарылышы боюнча жыйынтыктар талкууланды. Алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2017 жылга чейинки экспорттун өнүгүшү боюнча Пландын ишке ашышы, ошондой эле курулуш тармагындагы уруксат берүүчү процедуралардын оптимизациясы тууралуу суроолор болгон. Кенештин отурумун ачып жатып, Сапар Исаков Өкмөттүн бизнеске жана инвестициярды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө «Жаны доорго – кырк кадам» Программасын ишке ашыруудагы 100 күнү боюнча иш чаралар Планынын алкагында жасалган жумуштарды белгилеп кетти. Премьер-министр өлкөдөгү экономиканын ар кандай тармактарына инвестицияларды тартуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агеттигинин макамы жогорулатылгандыгын эске салды. Андан тышкары, Премьер-министр үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Өкмөттүн токтому менен стабилдештирүү режимин колдонуу шарттары жана тартиби кабыл алынгандыгын белгилеп кетти. «Аталган механизм өлкөнүн экономикасына үч жыл аралыгында 3 миллион доллардан кем эмес салым кошкон каалаган инвестор үчүн стабилдештирүү режимин колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, салык мыйзамындагы ар кандай өзгөрүүлөргө карабай 10 жыл бою бирдиктүү гана салык режимин колдоно алат», - деп белгиледи Сапар Исаков. Өкмөт башчы ошондой эле учурда инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иштер жүрүп, бул суроо кызыкчылыгы бар министрлик жана ведомстволор арасында макулдашылып жаткандыгын белгиледи. Муну менен катар Сапар Исаковдун айтуусу боюнча «Жаны доорго – кырк кадам» Өкмөттүк Программаны ишке ашырууда иш-чаралардын деталдуу планы боюнча долбоор иштелип жатат. «Ар бир кадамга кызыкчыгы бар мамлекеттик органдардан жана көзкарандысыз эксперттерден турган жумушчу түзүлдү. Алардын ишинин жыйынтыктары боюнча Өкмөт жакын арада иш чаралар Планын кабыл алуу пландаштырылууда», - деп белгиледи Сапар Исаков жана бизнес коомчулукту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине конкреттүү сунуштары менен аталган процесске активдүү катышууга чакыра кетти. Премьер-министр өлкөдөгү тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кенештин бардык чечимдерин ишке ашыруусун өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди. Антын тышкары өзүнө инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана өлкөдө ишкердик ишмердүүлүккө максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүү сыяктуу чечимдерди камтыган Кеңештин 2018 жылга иш планы кабыл алынды. [su_carousel source="media: 109363,109364,109365,109366,109367,109368,109369,109370,109371,109372,109373" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү