19
Сентябрь
2015
КР Өкмɵтүнүн Аппарат жетекчиси Н.Момуналиев Ханнс Зайдель фонду тарабынан ɵткɵрүлгɵн семинардын катышуучулары менен жолугушту
Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн Аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев Ханнс Зайдель фонду тарабынан айыл ɵкмɵт башчылары жана айылдык кеңеш депутаттары үчүн каралган кесипкɵйлүктү жогорулатуучу курстун катышуучулары менен жолугушту.
Нурханбек Момуналиев белгилегендей, айыл ɵкмɵт башчылары жана айылдык кеңеш депутаттарынын аталган семинарга катышуусу маанилүү, анткени семинар алкагында пикир, тажрыйба алмашуужана кесиптик деңгээлди жогорулатуу орун алат.
«Семинар жүрүшүндɵ берилген билим канчалык мыкты ɵздɵштүрүлсɵ, анын жыйынтыгы ошончолук натыйжалуу болот жана ал ыкмаларды сиздер күнүмдүк иште пайдалана аласыздар», - деди Өкмɵт Аппаратынын жетекчиси.
Нурханбек Момуналиевдин пикиринде, Кыргызстан туура ɵнүгүү жолун тандап алган жана ал багыт боюнча ишенимдүү кетүүдɵ. Мисалга, 28-августта «Датка-Кемин» электр линиялары ишке берилип, ɵлкɵ энергетикалык кɵзкарандысыздыкка ээ болду, мындан тышкары, жаңы жолдор салынууда, алсак, ишкердүүлүк жана соодага кеңири мүмкүндүк түзүүчү Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу салынууда. Өлкɵ үчүн бул маанилүү окуялар катары саналат.
«Биз жалпыбыз биргеликте бир максатты кɵздɵɵ менен, ɵлкɵнү ɵнүктүрүүдɵ колдон келген иш-аракетибизди жумшообуз зарыл. Эгерде жер-жерлерде ɵнүгүү орун алса, анда мамлекетибиздиз да күч-кубаттуу болот. Алдыда калк үчүн мамлекеттик кызмат кɵрсɵтүү сапатын жакшыртуу, анын механизмдерин иштеп чыгуу милдети турат, анткени жер-жерлерде иш аксап жатат», - деген пикирин билдирди Нурханбек Момуналиев.
Өз кезегинде семинар катышучулары КР Өкмɵт Аппараты кɵңүл буруусу зарыл эсептелген бир катар сунуштарын беришти. Ошондой эле алар Өкмɵт Аппаратынын жетекчисине уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришти.
Жолугушунун соңунда Нурханбек Момуналиев курстун катышуучуларына активдүүлүк жана кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал эми Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун ɵкүлү доктор Макс Георгго Кыргызстанга карата ɵзгɵчɵ мамиле кылуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү