13
Декабрь
2018
КР МКК Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коеналиев ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Коеналиев Жоошбек Кармышевич ээлеген кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү