26
Ноябрь
КР Премьер–министри парламентте Ош облусундагы жер титирөө кесепеттерин жоюу иштери боюнча маалымат берди
Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер–министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйында Ош облусунда 17-ноябрда орун алган жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери боюнча маалымат берди.
Премьер–министрдин маалыматына ылайык, табигый кырсык катталаар менен жер титирөөнүн очогуна жайгашкан Он облусунун Кара-Суу жана Алай районундагы айылдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, алгачкы жардамды көрсөттү.
«Мындан соң тез арада Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иштер башталды. Анын алкагында атайын комиссия түзүлүп, жер титирөөдөн келтирилген зыяндар эсептелди. Эң негизгиси, табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок, элибиз аман, түгөл. Ал эми турак-жай жана социалдык обьекттер боюнча кесепет масштабдуу болду. Ош облусу жана Ош шаары боюнча 5886 үй жана 141 социалдык обьект изилденди. Анын ичинен 3142 үй жабыркады. 11 үй толугу менен жараксыз абалга келди, 412 үй 4-даражада, 592 үй 3-даражада, 1218 үй 2-даражада, 938 үй 1-даражада жабыркаганы аныкталды. Ошондой эле Ош облусу жана Ош шаары боюнча 141 социалдык обьект изилденди. Алардын ичинде 21 социалдык обьекттин имараты 4-даражада зыян алгандыгы аныкталды», - деди Темир Сариев.
Премьер–министр Темир Сариев жер титирөөдөн соң Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Алай, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда жабыркаган жарандарга 10 жана 30 орундуктуу 231 комплект чатыр жеткирилгенин жана 200дөн ашык контейнер топтолуп, жабдылып жатканын маалымдады.
Ошондой эле Премьер–министр жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайы эсеп ачылып, жардам бергиси келген мамлекеттик органдар, жарандарыбыз тараптан каражаттар которулуп жатканын билдирди.
«Көрсөтүлгөн жардамды бөлүштүрүү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылды. Муктаж болгондорго жардамды калыс бөлүштүрүү боюнча көзөмөл катуу болот», - деди Темир Сариев.
Темир Сариев жер титирөө катталган аймактарда мектептер үзгүлтүксүз иштеп жатканын кабарлады.
«Эл, балдар бир аз чоочуп калган экен. Аларга атайын мобилдик тез жардам унаалары жөнөтүлүп, медициналык жана психологиялык жардамдар берилди. Аталган айылдарга кетчү жолдор тазаланды», - деп билдирди Премьер–министр.
Ошондой эле Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак-жай, коммуналдык чарба агенттиги тараптан үч типтүү бардык талапка жооп берген үйлөрдүн долбоору иштелип чыгууда.
Премьер–министр 2016-жылдан тарта өлкөдөгү турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүү күчүнө кирээрин жана табигый кырсык учурунда жабыркаган турак-жайды калыбына келтирүүгө оңой болоорун билдирди.
[su_carousel source="media: 67364,67365,67366" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү