09
Апрель
2019
Курбанбай Искандаров Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайы өкүлү кызматынан бошотулду
Искандаров Курбанбай Алибаевич берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайы өкүлү кызматынан бошотулду.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү