09

Июнь

2018

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре тесттик режимде иштеп баштайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча ишти улантууда.

Кылмыштардын электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин (КЖБР) киргизүүгө байланыштуу иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленди.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кылмыштардын электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселелери боюнча координациялоочу орган катары аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте 2018-жылдын 15-июнуна чейин Кылмыштардын электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси боюнча ишти координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тапшырылды.

Ошол эле учурда 2018-жылдын 1-октябрына чейин Кылмыштардын электрондук китебинин толук кандуу ишин жана 2018-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тесттик режимде иштөөсүн камсыздоо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү