18

Август

2018

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешмесинде соода тармагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн, 17-августта, Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жетинчи жыйыны болуп өттү.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгы астында өттү.

Өз сөзүндө Мухаммедкалый Абылгазиев эки эл ортосундагы кылымдар бою калыптанган бекем байланышты белгиледи.

«Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы менен болгон ар тараптуу кызматташуулардын өнүгүшүнө олуттуу маани берет.

Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык алака-катнаштар мындан ары да эки элдин биримдиги үчүн чыңдала берерине ишенем. Бүгүн учурдагы жолугушуу алкагында “Кең-Булуң – автожол” жана “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары боюнча Протоколго кол коюлганы турат», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы республикалар ортосундагы соода тармагындагы кызматташтыктын келечегине тийиштүү пикирин билдирди.

«Кызматташуудагы артыкчылыктуу жана перспективдүү багыттардын бири – бул соода мамилелери экендиги белгилүү. Эки өлкө ортосундагы өз ара соода-сатыкты 1 млрд долларга чейин жеткирүү боюнча койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн, ошондой эле товар жүгүртүү номенклатурасынын диверсификациясын эске алып, эки тараптуу өз ара кызматташуунун бардык механизмдерин эффективдүү пайдаланууну зарыл деп эсептейм», - деди Өкмөт башчы.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өз кезегинде белгилегендей, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы өз ара алакалар ырааттуу өнүгүүдө.

«Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө келишимди демаркациялоо тууралуу 2017-жылдын декабрь айында кол коюлган Макулдашуу ратификацияда турат. Бүгүн биз “Кең-Булуң – автожол” жана “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын макамын өзгөртүү жөнүндө Протоколго кол коюуга даярбыз, бул алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Биз аталган чечимди ишке ашыруу көзөмөл-өткөрүү пункттарын жана ага карай жолдорду модернизациялоону талап кылаарын түшүнүп турабыз», - деди ал.

Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, Казакстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен экономикалык жана коңшулук мамилелерди чыңдоого чоң көңүл бөлөт.

«Бүгүн биз соода-экономикалык мамилелердеги оңдуу динамиканы байкап жатабыз. 2017-жылы өз-ара соода жүгүртүү 13%га жогорулаган, ал эми үстүбүздөгү жылдын 5 айында өсүш дээрлик 10%ды түзгөн. Жыл соңуна дейре бул көрсөткүч жогорулашына ишенем. Жаңы ишканаларды ачуу, товарлардын түрүн көбөйтүү, өз ара пайдалуу ташууларга негизделген соода мамилелерди мындан ары карай тереңдетүүнү камсыздоо зарыл деп эсептейм», - деди Казакстан Республикасынын Премьер-министри. Буга катар Бакытжан Сагинтаев Жол картасын ишке ашыруу өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүнүн жогорулашына алып келерин өзгөчө белгиледи.

«Жакынкы арада түзүлгөн Казак-кыргыз ишкер кеңеши коюлган милдеттерди аткарууда натыйжалуу аспаптардан болууга тийиш. Жыл соңуна дейре анын алгачкы жыйыны өтөт. Биз эки өлкөнүн аймак аралык соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. «Алматы-Бишкек» экономикалык өнүктүрүү комитетинин алкагында биз заманбап айыл чарба дүң рынокторун түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кириштик», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, эки өлкөнүн Өкмөттөрү мамлекет аралык соода жүгүртүү деңгээлине таасир эткен бардык тоскоолдуктарды четтетүүгө күч аракетин жумшоосу керек.

[su_carousel source="media: 121468,121465,121434,121412" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү