03

Октябрь

2015

Кыргыз Өкмөтү ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө толук даяр

Бүгүн, 3-октябрда, Республика боюнча бардык шайлоо тилкелери жабылды.

Эртең мененки саат 7.00 КР Биринчи Вице-Премьер-министр Тайырбек Сарпашев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндɵ бардык облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өкмөт үйүндө видео байланыш болуп, алар аймактардагы бардык шайлоо тилкелери эртеңки шайлоого даяр экендиги тууралуу маалымат беришти.

Бүгүнкү күнгɵ карата республика боюнча бардык шайлоо чөлкөмдөрүнө керектүү техникалар толугу менен жеткирилип, текшерүүдөн өтүп шайлоого даяр турат. Бүгүн өлкөдө жымжырттык күн. Эртеңки шайлоодо ɵлкөдөгү күч түзүмдɵрү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн толук курамы менен күчөтүлгөн мөөнөттө иш алып барат. Өкмөт ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө толугу менен даяр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү