25
Июль
Кыргыз өкмөтү быйыл 85 жаңы обьектти ишке берүүнү пландоодо
Бул тууралуу 24-июлдагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйынында Премьер-министр Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, быйыл бюджеттин чыгаша бөлүгүнө кошумча 17,3 миллиард сом кошумча каралды. Анын ичинен 1 миллиард сом өлкө аймактарындагы жолдорду оңдоого каралган. Бюджетте кошумча каралган негизинде капиталдык салымда көрсөтүлгөн 38 обьекттин 85ге көбөйтүү чечими кабыл алынды.
“Бул капиталдык салымга киргизилген обьекттердин санын көбөйтүү каражатты оптималдаштыруу, бюджеттеги каражатты эффективдүү колдонуунун негизинде ишке ашууда”-деди Темир Сариев.
Муну менен катар Жерүй кенин ишке киргизүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен өлкө аймагында 100 жаңы мектепти ишке киргизип, 100 мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү каралган. Темир Сариев дагы мүмкүнчүлүктөргө жараша жаңы социалдык обьекттерди ишке берүү мүмкүнчүлүктөрү караларын кошумчалады.
КР Өкмɵтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү