18

Июнь

2019

«Кыргыз почтасы» МИге почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн 18 унаа берилди

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Республиканын бардык аймагы боюнча почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу» үчүн арналган 18 авто унааны тапшыруу аземине катышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан 1993-жылдын 26-январынан баштап Дүйнөлүк почта уюумунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат, анын максаты – почта кардарларын сапаттуу тейлөө, планетанын бардык жашоочуларынын ортосунда байланыштарды өнүктүрүү жана аракеттешүү.

«Почта коомдун өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында 922 көп тармактуу объект иштейт, анда калкты тейлөө боюнча 363 маалыматтык киоск жайгашкан. Алар иштеген мезгилде 2017-жылдын аягынан бери 505 миң 460дан ашуун ар түрдүү багыттагы кайрылуулар келип түшкөн. Өкмөт «Кыргыз почтасын» жаңыландыруу, жакшыртуу, модернизациялоо боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн арзан, бат жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууда. Санариптештирүүнүн алкагында 363 маалыматтык киосктун ачылышы калкты тейлөө иштерин кыйла жакшыртты», - деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында почта байланышынын маанилүү ролун баса белгилей кетүү зарыл.

Вице-премьер-министр эске салгандай, «Кыргыз почтасы» социалдык төлөмдөр боюнча кызмат көрсөткөн жалгыз оператор болуп саналат. Ар бир почта түйүнүндө Интернетке кошулган банкоматтар орнотулган. Учурда 460 почта бөлүмү интернетке кошулду. Почта аркылуу республика ичинде, өлкөдөн тышкаркы 7 мамлекет менен акча которуулары жүргүзүлүп жатат. Дүйнөлүк сайттар аркылуу онлайн соода-сатыктар өнүгүп,  Кыргызстанда жөнөтмөлөрдү жиберүү 30% га, Бишкекте 70% га чейин көбөйдү.

Замирбек Аскаров билдиргендей, өлкө ичинде курьердик кызматтарды киргизүү пландалууда.

Эл аралык кызматташууга басым коюулууда. Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Дүйнөлүк почта уюму тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу” боюнча долбоору колдоого алынып, Уюм 120 миң АКШ долларын бөлгөн, анын алкагында Уюм «Кыргыз почтасы» үчүн «Лада» үлгүсүндөгү 18  унааны сатып берди.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баса белгилегендей, Өкмөт тараптан «Кыргыз почтасы» ишканасына мындан ары карай да көмөк көрсөтүлө берет.

[su_carousel source="media: 134318,134319,134320,134321,134322,134323,134324,134325" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү