21
Август
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылга бюджеттин долбоорун талкуулады
Бүгүн, 21-августта, Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйын жүрүшүндө 2016- жылдагы республикалык бюджетти жана 2017-18 жылдарга божомол, Жогорку Кенештин шайлоосуна даярдыктар боюнча маселе талкууланды. Жыйынды ачып жатып, Темир Сариев өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалыматка токтолду. Анын маалыматына караганда, 2015-жылдын 7 айында ички дун продукциянын өсүшү 7,1 пайызды тузду. Бюджетти түзүүдө кирешелердин көлөмү өсүп жатат .
«Дүйнөдө уланып жаткан экономикалык кризис жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдан улам мамлекеттик органдардын бардык муктаждыктарын толугу менен канаттандыруу кыйынчылык туудурат. Ошондуктан мамлекеттик органдар бюджетте каралган каражатты рационалдуу пайдалануусу зарыл»-деди Темир Сариев.
Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын жетекчилик штаттарынын көбөйүшүнө мароторий жарыялоо боюнча чечим кабыл алганын Премьер-министр кабарлады. Ошондой эле өкмөттүн кийинки түзүмүн аныктоодо айрым органдарды кыскартуу сунушун карап көрүүнү сунуштады.
Муну менен катар Премьер-министр социалдык тармакка бөлүнгөн каражаттардын көлөмү көбөйүп жатканын белгилеп, жөлөкпулду берүүнүн иретке салуу керек экенин билдирди. Темир Сариевдин айтымында, социалдык абалы жакшы болгон айрым жарандар жөлөкпул алууга аракет кылып, калктын чыныгы аялуу катмарына жетиштүү жардам көрсөтүлбөй калып жатат.
Буга карабай Премьер-министр өкмөт социалдык мекемелерди курууга маани берерин белгилеп, кийинки жылы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп курулуп, 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлөрүн кабарлады.
Муну менен катар Темир Сариев 2016-жылы өкмөт бир катар ишканаларды ишке берүү жана ир добоорлорду турмушка ашыруу мерчемдеп жатканын билдирди. Алардын катарына Талды-Булак-Сол Жээк, Бозымчак, Иштамберди сыяктуу кендердин туруктуу иштешин камсыз кылуу, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясынын толук кандуу иштешине шарт түзүү жана стратегиялык мааниге ээ Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушун улантып, 2017-жылы бүткөрүү, Түп-Кеген, Чолпон-Ата-Алматы жолдорунун курулушун ишке ашырууну өкмөт башчысы атады.
2016- жылдагы республикалык бюджетти боюнча мыйзам долбоорду Кыргыз Республикасынын өкмөтү бекитти.
Өкмөттүн жыйынында экинчи маселе катары Жогорку Кенештин шайлоосуна даярдыктар боюнча маселе каралды. Анын жүрүшүндө шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү максатында жүргүзүлүп жаткан биомтерикалык маалыматты топтоо боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова маалымат берди. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 2 миллион 627 миң 615 жаран биометрикалык маалыматты тапшырды. Бул 16 жаштан өткөн жарандардын 69, 56 пайызын түзөт.
Алина Шаикова биометрикалык маалыматты топтоодо Бишкек шаары жана Чүй облусу жай жүрүп жатканын билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев аталган аймактардын жетекчилерине биометрикалык маалыматы топтоону уюштуруу боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына төмөнкү маселелер боюнча ар тараптан жардам берилсин:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү мекемелерде жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, чет өлкөлөрдө добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо үчүн операторлорду окутуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууну улантуу тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү