09
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылга республикалык бюджеттин долбооруна өзгөртүүлөрдү жактырды
Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде 2016-жылга республикалык бюджеттин долбоору, 2017-2018-жылдарга карата болжолу боюнча маселе каралды.
Жыйынды ачып жатып Премьер-министр Темир Сариев 2016-жылга бюджеттин долбоору август айында каралып, бекитилгенин жана парламенттик шайлоодон соң Өкмөттүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу бюджетке айрым өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Буга байланыштуу Өкмөт өз алдына жаңы тапшырмаларды коюп жатканын билдирди.
Ага ылайык, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы ишканаларды ишке берүү менен экономикалылык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик финансынын тең-салмактуулугун сактоо, бизнес үчүн ыңгайлуу болгон фискалдык чөйрөнү түзүү жана тең салмактуу валюталык саясатты жүргүзүү зарыл.
Ошондой эле Темир Сариев алардын катарында жергиликтүү бийлик органдары ар бир райондо 10дон жаңы ишкана түзүүнү камсыз кылуусу, региондордун туристтик потенциалын көтөрүүсү жана чет өлкөлүк туристтерге сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуусу боюнча тапшырмаларды атады.
“Муну менен катар бизнеске жакшы шартты түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы вице-премьер-министр Олег Панкратовго берилген. Бул тапшырманын аткарылышы көзөмөлгө алынат”, - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев Өкмөттүн антикризисттик планы бар экенин, бул боюнча атайын оперативдүү штаб иштеп жатканын кабарлады. Өкмөт башчы оперативдүү штабдын өз убагындагы чараларынын негизинде макроэкономиалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүн болгонун кошумчалады.
Мындан соң республикалык бюджеттин 2016-жылга долбоору, 2017-2018-жылдарга карата болжолу боюнча Финансы министри Адылбек Касмалиев маалымат берди. Адылбек Касмалиевдин маалыматы боюнча бюджетке киргизилген негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөр болду:
- Республикалык бюджеттин жалпы киреше суммасы 4 600,0 млн сомго көбөйтүлүп, жалпы чыгашалар суммасы 300,0 млн сомго азайтылды. Буга байланыштуу бюджеттин тартыштыгы 22,5 млн сомго, же ИДПнын 4,5% ына кыскартылды. Кайра карап чыгуунун эсебинен 300,0 млн сом – Мамлекеттик ипотекалык компанияны капитализациялоого, 70 миллион – өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртууга, 300 миллион сом эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыны төлөөгө жумшалмакчы.
Адылбек Касмалиевдин маалыматына ылайык, бюджеттин негизги параметрлери боюнча республикалык бюджеттин 2016-жылга кирешеси 124, 4 миллиард сомду, ал эми жалпы чыгашасы 146,8 сомду түздү. Мында бюджеттин тартыштыгы 22, 4 миллиард сомду, же ИДПнын 4,5 пайызын түзүүдө.
Премьер-министр Темир Сариев бюджетти аткарууда жергиликтүү бийлик органдары каражатты эффективдүү пайдалануу жана аймактардагы кайра бөлүштүү фондунун эсебиндеги жер тилкелерин пайдаланууда коррупциялык жолдорду жок кылуу менен кирешени көбөйтүүгө болорун билдирди. Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевге аймактардагы кайра бөлүштүү фондунун эсебиндеги жер тилкелерин инвентеризациянын өткөрүү жана эффективдүүлүгүн көтөрүү боюнча карап чыгууну тапшырды.
Жыйынтыгында Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдарга болжол долбоорун кабыл алышты.
[su_carousel source="media: 68043,68044,68045,68046,68047,68048" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү