23
Май
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын” бекитти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясы” бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов белгилеп айткандай, бул концепция токой экосистемасын туруктуу башкарууну камсыз кылуу, токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
“Ушул долбоордун милдеттери 2040-жылга чейинки мезгилге токой чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо болуп саналат. Калктын экономикалык бакубаттыгын, экологиялык коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосуна жагымдуу чөйрөнү камсыздоо үчүн токойлорду туруктуу башкаруу 2040-жылга чейин Токой тармагын өнүктүрүүнүн жалпы максаты болуп эсептелет”, - деди Абдыкалык Рустамов.
[su_carousel source="media: 133205,133206,133207,133208,133209" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү