12

Май

2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казыналарын пайдалануу укугун алууга сынак өткөрүлөрүн жарыялайт

Бул сынак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 Токтому менен бекитилген жер казыналарын пайдалануу укугуна сынак жарыялоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү Жобого жана Аксай акиташ кенин  иштетүү максаты менен, кенди пайдалануу укугу боюнча конкурсту өткөрүү шарттары, тартиби жана критерийлерине  ылайык өткөрүлөт.

Сынак комиссиясы сынакка коюлган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны 1 (бир) миллион АКШ долларынан кем эмес  өлчөмүндө белгиледи.

Сынакка катышуунун шарттарынын бири – геологиялык маалыматтардын кыскача топтомун 376 907.0 сомго сатып алуу керек.

Кызыккан тараптар сынакка катышуунун талаптары, ошондой эле Аксай акиташ кенин иштетүү боюнча сынак өткөрүүгө байланышкан башка маалыматтар менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамагенттиктин www.geology.kg  веб-сайтынан кеңири таанышса болот.

Сынакка катышуу маселеси боюнча кеңеш алуу үчүн (+996 312) 909878 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.

Сынака катышууну каалагандар 2016-жылдын 28-майынын  саат 15.00дөн кечиктирбей керектүү документтерди тапшыруулары зарыл.

Документтер Бишкек ш., Эркиндик пр., 2 дарегиндеги 227-бөлмөгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттике тапшырылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү