15

Октябрь

2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Жыйында жаштар чөйрөсүндө кырдаалды баалоодо новатордук курал болгон «Кыргыз Республикасынын жаштарынын бакубатчылык жана өнүктүрүү индекси» улуттук изилдөөсүнүн жыйынтыктары жана «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаарларды сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун долбоору тааныштырылды.

Жаш муундун адамдык потенциалын өнүктүрүү деңгээлин баалаган жалпы көрсөткүч - Жаштардын өнүгүү Глобалдык индекси боюнча Кыргыз Республикасы 2016-жылы 188 өлкөнүн ичинен 64-орунду ээлеген. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында Жаштардын өнүгүү деңгээлинин индекси жогору катары белгиленет.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги «2017-2020-жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты сунуштады.

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө бул кеңештин ишинин маанилүүлүгүн белгиледи, себеби Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын 26 пайызын 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар түзөт.

«Жаштар маселеси ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүгө көп тараптуу мамилени талап кылат. Жаштар саясатын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Өкмөттүн «2017-2020-жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү» Программасы кабыл алынган. Жаштар биздин келечегибиз жана биз бул маселеге абдан олуттуу мамиле кылууга тийишпиз», - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр жаштар арасында үй-бүлөнү пландаштыруу иштерин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи жана мектептик программага бизнестин негиздери боюнча сабактарын милдеттүү түрдө киргизүү идеясын колдоду, бул мектептерде экономикалык билим берүүнү кеңейтет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча министрликтерге жана ведомстволорго «Кыргыз Республикасынын жаштарынын бакубатчылык жана өнүктүрүү индекси» улуттук изилдөөсүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана айтылган сунуштар боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Мындан тышкары телеберүү жана радиодо маданият жана маданий салттар, эмгек жана билим аркылуу ийгиликке жетишкен жаштар жөнүндө тематикалык берүүлөрдүн санын көбөйтүү сунушталды.

Мамлекеттик органдарга «2017-2020-жылдарга карата жаштарды өнүктүрүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткарууну түздөн-түз көзөмөлдөө, жогоруда аталган токтомду аткаруу тууралуу тиешелүү маалыматтарды өз убагында берип туруу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине «Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаарларды сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү милдеттендирилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттиги менен биргеликте «өсүү түйүндөрү» - шаарлар Форумун өткөрүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңеш ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат жана курамына министрлердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери, коомдук жаштар уюмдарынын жетекчилери кирет.

[su_carousel source="media: 124390,124393,124392,124391,124389,124388,124387" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү