05

Май

2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жарандык коомдун активисттерин Кыргыз Республикасынын Конституция күнү ме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата жарандык коомдун активисттерин кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн куттуктады.

«Сиздердин коомдук ишмердүүлүгүңүздөр – өз өлкөсүнө болгон бийик жарандык жоопкерчиликтин айкын мисалы. Сиздер сыяктуу адамдар бар үчүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизи бекемделип, жарандык коом институту өнүгүп, өсүп келе жаткан муун патриоттук сезимде тарбияланууда. Сиздердин республикага кошкон салымыңыздарды эске алуу менен Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт. Өкмөт башчысынын атынан сиздерге чын ден соолук, ишиңиздерге жана кыргыз элинин жана жалпы өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн баштаган ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм», - деп билдирди Акылбек Осмоналиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынганын баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында жана өлкөнүн көп жылга алдыга карай өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногонун баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарга өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берип, киргизилген сунуштар өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын активдүү жарандык көз карашын колдоп, келип түшкөн сунуштарды дыкат иликтөөдө. Алардын көпчүлүгүн келечекте мамлекеттик аппараттын ишин алдыга жылдыруу үчүн колдонобуз», - деп белгиледи министр Акылбек Осмоналиев.

Жолугушууга акын-жазуучу, Улуу ата мекендик согуштун 2-топтогу майыбы, «Ак Жол» коомдук фондусунун төрагасы Асек Урманбетов, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар бирикмесинин мүчөсү Каныбек Бокоев, «Кыргызстан юристтер ассоциациясы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жеңишбек Арзыматов, «Жарандык демилге интернет саясаты» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева жана «Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмесинин директору Памирбек Казыбаев катышты.

[su_carousel source="media: 94133,94134,94135,94136,94137,94138,94139" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93946,93887,93886,93885,93884,93883,93882,93881,93880,93879,93878,93877,93876,93875,93872,93871,93870,93869,93868,93867,93947,93972,93971,93970,93969,93968,93967,93965,93964,93963,93962,93961,93960,93959,93956,93955,93954,93953,93952,93950" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын малыматтык камсыздоо бөлүмү