21
Март
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат-жетекчиси министр Акылбек Осмоналиев: Нооруз жаңылануунун, жан дүйнөнү тазартуунун, үмүт-тилектин жана жакшылыктын жышааны
Нарын облусунун тургундарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Өкмөтүнүн атынан Өкмөттүн аппарат жетекчиси - министр Акылбек Осмоналиев куттуктады.
Ал бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарындагы борбордук аянтта өткөн Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарага катышты.
Акылбек Осмоналиев белгилегендей, Нооруз адамдарга жаңы үмүт-тилектерди ала келет. Жаратылыш жанданып, айлана-чөйрө тазаланып, адамдар аруу тилек менен жаңы бак-көчөттөрдү отургузушат.
Нарын жергеси мал киндиктүү өрөөн болгондуктан, бул тармактагы продукцияны кайра иштеп чыгуу боюнча ишканаларды салуу жагы каралып жатат. Мындан тышкары облустун аймагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
«Бишкек-Торугарт автожолу быйыл толугу менен пайдаланууга берилүү алдында турат. Республикабыздын түндүгү менен түштүк аймактарын бириктирүүчү альтернативалык жолдун курулушу улантылууда. Ошондой эле Кара-Кече көмүр кенин ири инвесторлор аркылуу иштетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат»,-деди Акылбек Осмоналиев.
Сөзүнүн соңунда жалпы элге жана Теңир Тоо жергесинин калкына токчулук, бейпилчилик менен тынчтык, ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды каалады.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Нарын облусунун борбордук аянтында уюштурулган театрлаштырылган оюн-зоок программасына, айыл-чарба азыктарынын көргөзмөсүнө катышты. Майрамдык иш чарада улуттук оюн-зооктор тартууланып, улуттук тамак-аштардын сынагы уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү