07
Апрель
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругу менен аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2018-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2018-2023-жылдарга карата аймактык саясатынын Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планын бекитүү жөнүндөгү №107-р буйрукка кол койду.
Бекитилген бул план Премьер-министрдин 2018-жылды 14-февралындагы №53-р буйругуна ылайык түзүлгөн уюштуруу комитети тарабынан иштелип чыкты жана ал аймактарды жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүү боюнча принципиалдуу жаңы иш чараларды камтыйт.
Алсак, иш-чаралардын планына аймактык башкаруунун прирнциптери, тармактарды бирдей, тегиз өнүктүрүү, ошондой эле аймактардын атаандаштык артыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун кластердик принциби киргизилди.
Планга ылайык, аймактар өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша адистешишет, чарбалык тыгыз байланыштарды түзүп, өлкөнүн дагы да бекем бүтүндүгүн арттырып, бири-бири менен өз ара аракеттенишет. Өнөр жайлык өнүгүү темпин тездетүү максатында өндүргүч күчтөрдү аймактарга жайгаштыруу административдик-аймактык бирдиктердин башкы пландарына шайкеш келүү жолу менен оптималдаштырылат.
Негизи иш чаралардын планы бийликтин түрдүү бутактарынын: аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарын, ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу бийлигин жана жер-жерлердеги өкүлчүлүк бийлигинин күч-аракеттерин бириктирип турат.
Планды жүзөгө ашырууну каржылоо республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын титулдук тизмесин оптимизациялоо, жергиликтүү бюджетти, жергиликтүү өнүгүү фонддорунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана донордук жардамдарды так координациялоо аркылуу ишке ашат.
Планды жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө өнүгүүнүн нормативдик көрсөткүчтөрүн кеңейтүү жана анын такташтыруу эсебинен күчөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү