26
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош шаарында көчмө жыйыны өтүүдө
Бүгүн, 26-сентябрда, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйыны Ош шаарында өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө, 2015-2016-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде калктын дана экономика тармактарынын даярдыгы жүрүшү, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана “Чоң-Алай-Кытай” газ өткөргүч түтүктөрдү курууга жер бөлүү, Кыргызстандагы өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын иш чараларынын жана Ош шаарынын жана Ош облусунун Араван районунун тургундарына дер тилкелерин бөлүү боюнча токтомдун аткарылышы боюнча маселелер талкууланууда.
Көчмө жыйындын алкагында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин абалы жана анын ишин жакшыртуу боюнча жыйын өтөт.
Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарындагы инсрфакструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү